Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда реконструкция иштери уланууда.
Бүгүн, 17-июнь күнү Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев стадиондун реконструкциялоо иштерин текшерип чыкты.
6-июнь күнү Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Кыргызстан менен Малайзия курамаларынын беттеши өткөн. Анда стадионго келген күйөрмандар отургучтардын чаң болуп калганына нааразы болушкан.