Акылбек Жапаров БШКга барды 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго шайлоо процессинин жүрүшүндө шайлоочулардын катышуусунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында каралып жаткан модернизацияланган идентификациялык жабдуулар, электрондук жана аралыктан добуш берүү системалары презентацияланды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова учурда добуш берүү жабдууларын жана шайлоону электрондук башкаруу программаларын жакшыртуу жана жаңыртуу боюнча уюштуруу, ошондой эле даярдык көрүү иштери башталганын айтты.

Анын айтымында, бул жабдуулар көп компоненттүү идентификациялык жабдууларды алмаштырат. Бул ыкма 2023-жылдын апрель жана октябрь айларында сыналган, атап айтканда, электрондук жана аралыктан добуш берүү жүргүзүлгөн.

Жапаров идентификациялык жабдууларды, электрондук жана аралыктан добуш берүү системасын өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул шайлоо процессинин сапатын камсыз кыларын, ошондой эле жарандардын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтерин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан