Бүгүн, 18-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жамаатына жаңы дайындалган министр Жылдыз Полотованы тааныштырды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров министрликтин алдында калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жаңы ички миграциялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, башка өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарын эсепке алуунун электрондук системасын киргизүү, эмгек тартибин жөнгө салуу боюнча олуттуу милдеттер турганын белгиледи.
Ошондой эле ал быйылкы жылы 20 миң үй-бүлөнү камтыган “Социалдык контракт” программасын сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду. Анын айтымында, келерки жылы бул программага 30 миң үй-бүлөнү камтуу пландалууда.
Өкмөт башчы жаңы дайындалган министрге жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.
Эске салсак, Полотованы министр кылып дайындоого Жогорку Кеңеш 12-июнда макулдук берген. Президент Садыр Жапаров аны ошол эле күнү министр кылып дайындаган.