
Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айыл аймагында тургундар Курман айт майрамына карата имам
Нурали Дооронбаевге автоунаа белек кылышты. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, айыл жаштары имамга Honda CR-V үлгүсүндөгү темир тулпар тартуулашкан.
Айыл жаштары белекти элдин ынтымагын бекемдөөдө, жаштардын таалим-тарбиясын жакшыртууда талыкпастан эмгектенип келе жатканы үчүн имамга ыраазычылык иретинде беришкен.