Бүгүн, 18-июнда Бишкектеги Көк-Жар конушунда 100 орунга эсептелген УКМКга караштуу “Мекендин келечеги” бала бакчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызмат маалымат таратты.
Ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.
Ташиев куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан муундун татыктуу келечегин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу УКМКнын негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.
Мындан тышкары төрага УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болорун кошумчалады. Мындан улам учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.