Биз социалдык тармакта

Догдуркүл Кендирбаева ЮНИСЕФтин өкүлү менен жолугушту

Бүгүн, 18-июнда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Тапа менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда министр Догдуркүл Кендирбаева “Алтын казык” билим берүүнү трансформациялоо программасы, анын ичинде балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү аракеттери жана алдыда чогуу жасай турган иштер жөнүндө айтып берди.

Ага ылайык, тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн биргелешип иштөө багыттары тууралуу пикир алышып, сунуштарды айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан