Биринчи май райондук соту Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматынан билдиришти.
"Соттун бүгүн, 19-июнда чыккан чечимине ылайык, Ө.Т. Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды", - деп билдиришти соттон.
Белгилей кетсек, Өндүрүш Токтонасыровго былтыр Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Токтонасыров соттун чечимине каршы экенин айтып, шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.
"Кечээ мамлекеттик айыптоочу 3 жыл сураган, бүгүн өзгөртүп, 100 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгууда. Кайсы күнөөм үчүн аларга мен акча төлөйм?
Жогорку инстанцияга кайрылууга туура келет", - деди ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.