Парламентте энергетика министри Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда сөгүш алганын айтты

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков Бишкек Жылуулук электр борборунда болгон жарылууда кимдер жаза алганына кызыкты.

Жыйында депутат энергетика министринен "Бишкек ЖЭБиндеги аварияга адистердин дагы күнөөсү болгон" деген сөзүн эске салып, аларга карата кандай жаза колдонулганын сурады.

Анда министр Таалайбек Ибраев Бишкек ЖЭБинин, "Электр станциялары" ишканасынын жана Энергетика министрлигинин жетекчилерине чара көрүлгөнүн айтты.

"Мисалы, мага сөгүш берилди. "Электр станцияларынын" жетекчисине дагы сөгүш берилди. Ал эми ЖЭБдин жетекчиси жаңы эле кызматка дайындалган болчу", - деди ал.

Эске салсак, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, 5 адам жабыркаган. Жабыркагандардын ичинен абалы оор деп бааланган 2 киши Түркия мамлекетинде дарыланып, 9-май күнү өлкөгө кайтып келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан