“Италиядан эмерек алып”. Акаев “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинг боюнча маселе көтөрдү (видео)

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйындар залында депутат Жанар Акаев “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинг боюнча Эсептөө палатасы кандай иш алып барып жаткандыгына кызыкты.

“Улуттук холдинг деп ачылып, миллиондогон акчалар кетти. Каржылык мыйзам бузуулар аныкталган, анын иши эмне болду?” - деп сурады депутат.

Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов учурда аудит өз ишин алып барып жаткандыгын айтып, толук маалымат кийинчерээк бериле тургандыгын билдирди.

Ал эми эл өкүлү сөзүн улай компания, холдинг деп ачылып миллиондогон каражаттар жаңы ачылган мамлекеттик ишканаларга кетип жаткандыгына нааразычылыгын билдирип, аны жеке ишкерлерге таратып бергенде жыйынтык болорун белгиледи. Ошондой эле акча каражатын бөлгөн кызматтагы адамдарга да чара көрүлүшү керектигин сунуштады.

“Мык менен топчу чыгарат дегенибиз менен, жыйынтыгы жок. "Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине ири суммадагы акча кетти. Борбордон өтө кымбат имаратты ижарага алды. Ата мекендик эмерек чыгаруучу ишканалар турса да, Италиядан буйрутма менен алды. Жыйынтыгында жетекчиси 800 миң сом төлөп, жоопкерчиликтен бошоду. Эмне болот? Ошончо каражатты бөлүп берген кызмат адамдарына да эскертүү берген учурлар болуп жатабы?” - деп билдирди Акаев.

Жыйынтыгында Эсептөө палатасы - холдингдин иши боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Эске салсак, “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги 2021-жылдын аягында түзүлгөн. Ал кезде холдингдин жетекчиси болуп Теңиз Бөлтүрүк дайындалган эле. Каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, жетекчиси 2022-жылы 13-сентябрда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан кармалган.

Жогорку Кеңештин жыйыны
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан