Садыр Жапаров Баткендеги алтын кени казылбай тургандыгын айтты (видео)

Бүгүн, 20-июнда өлкө башчы Садыр Жапаров Кадамжай районунун тургундары менен болгон жолугушууда "Шамбесай" алтын кени казылбай тургандыгын билдирди.

Президент кенди өз көзү менен көргөнүн айтып, маселеге чекит коюларына токтолду.

“Шамбесай алтын кенин өз көзүм менен көрдүм. Казса болбойт экен, айылдын тынчтыгы үчүн. Ошондуктан бул маселеге чекит койдук. Бул теманы унуталы”, - деди ал.

Белгилей кетсек, "Шамбесай" алтын кени Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында жайгашкан. Ал жактан алтын казууга жергиликтүүлөр каршылыгын билдирип келет, анын негизги себеби - Исфайрам суусунун булганышы экендиги айтылган.

Шамбесай алтын кени казылбайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан