Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында анын дарегине депутат Исхак Масалиев тарабынан айтылган сынга жооп берди.
"Исхак Апсаматовичтин сын-пикирине толук кошулам. Мындан ары эмоцияга алдырбай сүйлөөгө аракет кылам", - деди өкмөт башчы.
Белгилей кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынында Масалиев Жапаровдун жооп бергенине нааразы болуп, депутаттарга эрегишип, кагып салган адатын токтотууга чакырган.