"Кагып салган адатыңызды токтотуңуз!" Депутат Масалиев Акылбек Жапаровго нааразы болду

Айыл аймактын курамындагы айылдарга айыл башчы коюуну айыл өкмөт башчылары менен акимдер чечет. Бул тууралуу бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жыйында административдик-аймактык реформаны ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралып жаткан. Ага депутат Улукбек Ормонов аталган мыйзам биринчи окууда талкууланганда айыл башчылардын саны кыскартылбайт деп ынанымдуу айтылганын эске салды.

"Өткөндө биз президент менен чогуу талкуулаганда дагы ушул сөз айтылган. Айыл башчылар бийликтин эң ылдыйкы бутагы. Алар кыскартылбасын деген сунушту бергенбиз. Ошол жерде бардыгы макул болгон. Ошол бойдон калыш керек. Үч айылга бирден айыл башчы деген туура эмес", - деди Ормонов.

Ага өкмөт башчы айыл башчылар муктаждык болсо көбөйүшү мүмкүн экенин айтты.

"Керек болсо көбөйүшү мүмкүн! Керекпи, көбөйтөбүз. Акча таап беребиз. Аны эми сиз экөөбүз чечипейбиз да. Жергиликтүү бийликтегилер чечип келсин, биз колдойбуз дебедикпи. Он үй турган жерге бир айыл башчы коёбуз деп мен сизге айта албайм", - деди Жапаров.

Андан соң депутат Исхак Масалиев Акылбек Жапаровдун жооп бергенине нааразы болду.

"Эрегишип катуураак жооп бергенди токтотсоңуз. Жок дегенде адаттагыдай "карап көрөлүчү, эсептеп көрөлү" деп айтпайсызбы. Кагып салган адатыңызды токтотуңуз! Бул эмне деген сөз, "керек болсо төлөп беребиз!" деп. Сизге жеке кайрылып аткан жок да. Жыйындын астында сунуш берген, силер макул болгонсуңар. Мыйзам долбоорунда жазылбай калган, ошол үчүн суроо жаралып жатат", - деди Масалиев.

Төрага Нурланбек Шакиев да депутаттардын сунушун кубаттады. Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору добушка коюлуп, дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңеш 20.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан