Бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитеттин төрайымынын орун басарын шайлоо тууралуу маселе каралды.
Бул кызматка депутат Карим Ханджезанын талапкерлиги көрсөтүлдү. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Карим Ханджеза Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери комитетинин төрайымынын орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигине 67 депутат макул, 3 депутат каршы добуш берди.
Буга чейин төрайымдын орун басары болуп Жусупбек Коргонбай уулу иштеп келген. Ал 23-апрелде өз каалоосу менен депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.