Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-апрелдеги жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Бир мандаттуу №5 Ноокат шайлоо округу боюнча шайланган депутаттын мандатын тапшыруу боюнча арызын Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдоду.
Коргонбай уулу кечээ мандатын тапшыруу арызын жазганы кабарланган. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз.