“9 миллион рублдан ашык каражат керек”. Денесинин 70 пайызы күйгөн Дауд жардамга муктаж (сүрөт) 

8 жаштагы Дауд Мустафаевдин денесинин 70 пайызы күйүп калган. Ага 9 миллион рублдан ашык каражат керектелет. Апасы Айзирек Абдыганы кызы Кыргыз элинен жардам сурап кайрылды.

Апасынын айтымында, Дауд мындан эки жыл мурда кырсыктап, денесинин 70 пайыз бөлүгү күйүп калган.

"Аллахтан сыноо келип, уулум Дауд 6 жашында кырсыктап күйүп калган. Буга чейин 14 оор операцияны башынан өткөрдү. Дауддун өзүндө донордук тери калбагандыктан жаңы методика менен тери өстүрүүгө мажбур болуп жатабыз. Эгерде тери өстүрө алсак дагы көптөгөн оор операциялардын алдын алабыз. Биз эки жылдан бери Дауддун ден соолугу менен күрөшүп келебиз. Учурда анын абалы өтө оор. Дауддун денесинин көп пайызы күйүп калгандыктан сөөктөрү чачылып кеткен. Түнү менен уктай албай аябай кыйналып чыгат", - деди Айзирек Абдыганы кызы.

Ошондой эле ал Дауддун терисин алмаштырууга 9 миллион рублдан ашык каражат керектелерин айтты.

"Эгерде биз 9 миллион 781 миң 840 рубль чогулта алсак Даудга жаңы тери өстүрүп, ден соолугун сактап кала алабыз.

Урматтуу Кыргыз элим, сиздерден кайдыгер карабай жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз", - деп кошумчалады Айзирек.

Дауд Мустафаевге жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Сбербанк онлайн: +79671903552 Айзирек.А;

М банк: +996502654872 Бактыгүл Т;

Бирдик аркылуу: +996502654872;

Оптима виз:а 4169 5853 5734 3127 Baktygul Toichieva;

Тинкоф: 2202 7013 1461 9088 Руслан;

Сбербанк карта номери боюнча: 2202 2038 4715 7924 Руслан;

Байланыш номери: +79671903552


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан