Бишкекте Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, эртең, 21-июндан тарта Байтик баатыр көчөсүнүн А.Токомбаев жана А.Сүйөркулов көчөлөрү менен чектелген бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат.
Ага ылайык, аталган көчөдө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы аяктады.
"Жол тилкесине 2 катмар асфальт басылып, жол чийиндери чийилди.
Жол боюндагы ирригация тутумун жана жашыл зонаны иретке келтирүү жумуштары уланат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, буга чейин 26-майда Бишкектин бир канча жолдору оңдоо иштери үчүн жабылган.