Бишкекте бир канча жолдор оңдоп-түзөө үчүн жабылды

Бүгүн, 26-майда Бишкектин бир канча жолдору оңдоо иштери үчүн жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырысалиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Бишкектеги жолдор калаа башчы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын негизинде жабылды.
"Мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасынын негизинде Байтик баатыр көчөсүнөн Сүйөркулов жана Чыңгыз Айтматов көчөсү менен Иса Ахунбаев көчөсү жана Алияскар Токтоналиев көчөсү убактылуу жабылды.
Мындан тышкары жолдун ремонт иштеринин жүрүшүндө жол жээгиндеги үйлөрдүн дубалдарын жана жол жээктерин кошо жасагыла деген тапшырма берилди. Ошондукт акимчилик кызматкерлери кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Жашылдандыруу оңдоп-түзөө иштери да аткарылат", - деп жазды Ырысалиев.
Эске салсак, аталган жолдорду оңдоп-түзөөгө байланыштуу коомдук транспорттордун бир канча каттамы өзгөртүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан