Чүйдүн Аламүдүн райондук соту Алга Кылычевди күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратты. Бул туруалуу Жогорку соттон билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага карата соттун чечими бүгүн, 21-июнда чыгарылып, сот залынан камакка алынды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакциясы боюнча) 43-беренеси (Кылмышка кошо катышуу түрлөрү) жана 244-беренеси (Барымтага алуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, он жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылды.
Белгилей кетсек, 2019-жылы "Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын" саясий кеңишинин мүчөсү Алга Кылычев Кой-Ташта болгон окуялар боюнча шектүү катары камакка алынып, 2019-жылдын октябрь айында үй камагына чыгарылган.