Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-131 чакырым аралыгында катуу жаандын кесепетинен сел суу агындысы түштү. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда каттам ачык. Атайын техника тартылып, кызматкерлер көзөмөлдөөдө.
Ага ылайык, Кемин-Шабдан-Кок-Ойрок унаа жолунун 5-7 чакырым аралыгында сел жүрүп, жолду эки тараптуу жаап калган. Көлөмү 800 метр кубду түзөт. №32 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникасынын жардамы менен жол тазаланып, каттам эки тараптуу ачылды.
Буга чейин социалдык тармактарда Боом капчыгайында сел жүргөндүгү тууралуу видео тараган.