Бүгүн, 21-июнда Боом капчыгайында сел жүрдү. Бул тууралуу видеолор социалдык тармактарда таралууда. Күбөлөрдүн айтымында, унаа жолду суу каптап, унаа кыймылы кыйындаган.