Кытай менен Тайвандын ортосундагы тирешүү күчөп баратат

Кытай Тайвандын көз карандысыздыгын колдогондорго каршы жаңы катаал чараларды, анын ичинде өзгөчө учурларда өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн жарыялады. Кытай бийлиги соттор, прокурорлор жана коопсуздук органдары Тайвандын бөлүнүшүнө багытталган аракеттерди "катуу жазалашы" керектигин билдирди.

Жаңы көрсөтмөлөр кылмыш деп эсептелген аракеттердин тизмесин кеңейтет. Алар - Тайвандын эл аралык уюмдарга мүчө болушуна көмөктөшүү, башка өлкөлөр менен расмий визиттерди алмашуу жана Кытай менен биригүүнү жактагандарга каршы чыгуу.

Тайвань бул чараларды кескин түрдө четке какты. Тайвандын Пекин менен алакаларды көзөмөлдөгөн агенттиги болгон Материктик иштер боюнча кеңеш "Пекин бийлиги Тайванга карата юрисдикциясы жок" деп, жарандарды коркутууларга алдырбоого үндөдү.

Кытайдын позициясынын катаалдашы Пекин "сепаратист" деп эсептеген Тайвандын президенти Лай Циндэнин жакында кызматка кириши менен байланыштуу. Анын инаугурациясынан кийин Кытай аралдын жанында аскердик машыгуу өткөрдү.

Коркунучтарга карабастан, эксперттер бул чаралардын практикалык натыйжасы чектелүү экенин белгилешет. Анткени Тайванда кытай сотторунун реалдуу юрисдикциясы жок. Бирок кырдаал Пекин менен Тайбэйдин ортосундагы чыңалуунун күчөп баратканын чагылдырат.

Пекин Тайванды Кытай Эл Республикасынын провинциясы жана өлкөнүн ажырагыс бөлүгү катары карайт. 1949-жылы Коммунисттик партияга каршы жарандык согушта жеңилгенден кийин Гоминьдан өкмөтү аралга качып кеткен. Бүгүнкү күндө Кытай Республикасынын (Тайвань) мыйзамдуулугун он чакты гана мамлекет тааныйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан