Дагестандагы теракт учурунда каза болгондордун саны 10 адамга жетти, алардын 8и полиция кызматкерлери. Бул тууралуу Газета.ру сайты жазды.
Андагы маалыматка караганда, жаракат алгандардын саны 34 кишиге көбөйдү, алардын 27си полиция кызматкери.
Мындан сырткары Дербентте антитеррордук операциянын жүрүшүндө эки согушкер жок кылынганы кабарланды.
Буга чейин Махачкалада төрт согушкер жок кылынганы маалым болгон.