Орусиянын Ростов шаарындагы СИЗОну басып алганы үчүн башына ок жеген террорчу Дмитрий Камнеев эсине келди. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы өз булактарына таянуу менен жазды.
Ал Ростов облусундагы Жаза аткаруу федералдык кызматынын медициналык мекемелеринин бирине которулган. Алгачкы 24 сааттын ичинде дарыгерлер ооруканага жеткирилген адамдын абалын өтө оор, ал эми аман калуу мүмкүнчүлүгү өтө аз деп баалашкан. Бирок дарыгерлердин аракети менен ал аман калган. Басылманын маалыматына караганда, учурда террорчунун эси жайында, ал тургай сүйлөй алат.
Жакынкы арада ага айып тагылып, сот баш коргоо чарасын тандайт. Ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Буга чейин Ростов-на-Донудагы СИЗОдо адамдарды барымтага алган террорчулардын бири атайын операция учурунда тирүү калганы кабарланган. Кийинчерээк атайын операцияда аман калган Дмитрий Камнеев аттуу 1996-жылы туулган жаран экени белгилүү болгон. Ал ислам динин кабыл алган.
16-июнда таңга жуук Ростовдогу абакта туткундар кызматкерлерди барымтага алып алышкан. Алар андан кийин курал-жарак жана абактан чет мамлекетке чыгып кетүү үчүн унаа талап кылып, ультиматум коюшкан. Аларга алгач имам сүйлөшүүгө киргизилген. Кылмышкерлер аны дагы укпай койгондуктан атайын операция башталып, алар жок кылынган.