Эскалаторго буту кыпчылган наристенин окуясы: Депутат соода борборлорду текшерүүнү сунуштады

Бүгүн, 24-июндагы Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Бишкектин соода борборлорундагы эскалаторлорду, лифттерди текшерүүгө алууну сунуштады.

Жыйында ал "Караван" соода түйүнүндөгү эскалаторго бутун кыпчытып алган 3 жашар кыздын окуясын эске салып, бийлик өкүлдөрүнө мындай окуя кайталанбашы үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүү керектигин айтты.

"Алдын алуу иштерин жүргүзсөк жакшы болмок. Биздин шаарда соода борборлору абдан көп. Азыр балдар каникулда болуп, ата-энелер эс алууга алып барып жаткан чагы", - деди ал.

Эске салсак, кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги соода борборлордун бириндеги эскалаторго жаш баланын буту кыпчылып калганын кабарлаган. Куткаруучулар кызды чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Бүгүн, 24-июнда Саламаттыкты сактоо министрлиги 3 жашар кызга операция жасалганын тастыктаган.

Жогорку Кеңеш 24.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан