Бүгүн, 23-июнда Бишкекте эскалаторго кыпчылып калган 3 жашар наристе куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, калаадагы "Караван" соода борборунда 2021-жылы туулган Н.А. аттуу кыздын буту эскалаторго кыпчылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен кыздын бутун чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
ӨКМ тараткан маалыматта кыздын учурдагы саламаттыгы тууралуу айтылган эмес.