Бишкектеги соода борборлордун бириндеги эскалаторго буту кыпчылып калган 2 жаштагы наристенин абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда шаардык балдар ооруканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кыздын бутунун кан тамырлары, тарамыштары жана булчуңдары айрылып, сөөгү сынып кеткен.
Наристенин бутуна бир саатка созулган операция жасалган.
"24-июнга карата кыздын операциядан кийинки абалы туруктуу канааттандырарлык. Кыз өзүнө келип тамак жеп калды, учурда жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулган. Дары-дармектери жетиштүү, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө турат жана апасы жанында", - деп билдирди оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов.
Эске салсак, кечээ, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги соода борборлордун бириндеги эскалаторго жаш баланын буту кыпчылып калганын кабарлаган. Куткаруучулар кызды чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Саламаттыкты сактоо министрлиги 3 жашар кызга операция жасалганын тастыктаган.