Нурланбек Шакиев Валентина Матвиенкого көңүл айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Федералдык Жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкого жана Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володинге Дагестандагы терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

"23-июнда Дагестан Республикасында катталган терактын кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, кечээ, 23-июнь күнү кечинде Дагестандын Махачкала жана Дербент шаарында террорчулар чиркөөлөргө жана полицияга чабуул жасаган. Терактка байланыштуу Дагестанда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Бардык оюн-зоок иш-чаралары токтотулуп, желектер түшүрүлдү.

Кол салууларда каза болгондордун саны 20га жетип, анын ичинде 17си укук коргоо кызматкерлери экени маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан