Дагестандагы теракт: Каза болгогдордун саны 20га жетти

Дербент жана Махачкалада болгон теракттан каза болгондордун саны 20га жетти, анын ичинде 17си укук коргоо кызматкерлери. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Ошондой эле 44 адам жаракат алса, анын 37си укук коргоо органдарынын кызматкерлери экени айтылды.

Учурда Дагестандагы антитеррордук операция аяктады.

Эске салсак, кечээ, 23-июнь күнү кечинде Дагестандын Махачкала жана Дербент шаарында террорчулар чиркөөлөргө жана полицияга чабуул жасаган. Терактка байланыштуу Дагестанда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Бардык оюн-зоок иш-чаралары токтотулуп, желектер түшүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан