Бүгүн, 24-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети электрондук тамеки колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.
Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Шайырбек Ташиев, Алишер Козуев, Бекмурза Эргешов, Айбек Маткеримов, Марлен Маматалиев, Аида Исатбек кызы демилгелеген.
Ага ылайык, электрондук тамекилерди пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу жеке жактарга 40 миң сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга 60 миң сом өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Электрондук сигареттерди саткан жеке жактарга 50 миң сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат. Ал эми ташып келгендер 150 миң сомдон 200 миң сомго чейинки айыпка жыгылат, же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.