
Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Охна сел өткөрүүчү сайынан сел түшүп, 5 көпүрөнү бузуп кетти. Бул туурасында ӨКМ кабарлады.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, сел бүгүн, 24-июнда саат 17:00 чамасында түшкөн.
Ак-Турпак, Молдо Нияз, Исхак-Полотхан айыл аймактарында да сел түшүп, Эргенек участкасындагы балдар бакчасынын жер төлөсүнө, Жеңиш айылындагы аймактык оорукананын, балдар бакчасынын жана орто мектептин короосуна сел суулары кирген.
ӨКМ куткаруучулары тарабынан сел суулары кирген турак жайдан 3 жашы жете элек бала жана 2 жаран аман-эсен куткарылган. Учурда алардын абалы туруктуу.
Белгилей кетсек, Кадамжай району боюнча жалпысынан №107, №75 жана №76 ӨККБдан 33 куткаруучу, ошондой эле №3 Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын мобилдик взводунан 5 куткаруучу тартылды.