Пентагон, Вашингтон
Кремль Вашингтонду Крымга чабуул жасады деп түздөн-түз айыптагандан кийин Пентагон Украина аба соккулары үчүн буталарды тандоо боюнча өз алдынча чечим чыгарарын билдирди.
АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Чарли Диц "Украина соккулар боюнча өз алдынча чечим чыгарат жана өзүнүн аскердик операцияларын жүргүзөт" деди.
Ошондой эле Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү жай тургундардын өлүмү трагедия экенин айтты.
"Бул, албетте, орус аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн миңдеген бейкүнөө украиндерге да тиешелүү", - деп кошумчалады ал.
Орус бийлиги жекшембиде Севастополго жасалган Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ракеталык чабуулунан кеминде беш киши набыт кеткенин билдирген. Соңку маалыматтарга караганда, жараат алгандардын саны 151ге жетти.
Орус тараптын айтымында, ал АКШ берген ATACMS ракеталарынын жардамы менен ишке ашырылган. Орусия америкалык аскерий эксперттер ракеталарды бутага алып, геолокация маалыматтарын беришкенин билдирген.
Ошондой эле Орусия Крымдагы ракеталык чабуулга Вашингтонду айыптап, АКШ менен Украинага жооп кайтарарын убада кылган.