Хабиб Нурмагомедов Дагестандагы террорчу менен байланышы тууралуу кептерге жооп берди

Атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов Дагестанда теракт жасаган согушкерлердин бири анын атасы Абдулманап Нурмагомедовдун спорт залында машыккан деген кептерге комментарий берди.

"Ал биздин машыгуу залга 2021-жылы келип, бир-эки айдай машыккан, андан көп эмес. Ошол учурда ал эркин күрөштөн ММАга өтүп жаткан. Ушул үчүн эле аны биздин мектептин окуучусу деп айтуу таптакыр туура эмес, жаңылыштык", - деди Нурмагомедов Ruptly маалымат агенттигине берген маегинде.

Эске салсак, 23-июнда куралдуу адамдар Дагестандын Дербент шаарындагы чиркөөгө жана синагогага, ошондой эле Махачкаладагы МАИ постуна кол салышкан. Атышуудан ондогон адамдар каза болгон.

Кол салгандардын бири Абдулманап Нурмагомедов мектебинин окуучусу жана анын уулу Хабибдин Eagles MMA клубунун мушкери Гаджимурад Кагиров экени айтылган. Ал полиция тарабынан жок кылынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан