Дагестандагы теракттардан каза болгондордун саны 25ке жетти

Дагестандын Махачкала жана Дербент шаарындагы теракттардан курман болгондордун саны 25 адамга жетти. Бул тууралуу 112 телеграм каналы өз булактарына таянуу менен жазды.

Андагы маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында 15 коопсуздук кызматкери, 5 жаран жана өздүгү тактала элек 5 адам бар. Жарадар болгон укук коргоо органдарынын эки кызматкеринин абалы өтө оор. Теракттан жабыркаган дагы 13 жарандын абалы оор бойдон калууда.

Эске салсак, 23-июнда куралдуу адамдар Дагестандын Дербент шаарындагы чиркөөгө жана синагогага, ошондой эле Махачкаладагы МАИ постуна кол салышкан. Атышуудан ондогон адамдар каза болгон.

Кол салгандардын бири Абдулманап Нурмагомедов мектебинин окуучусу жана анын уулу Хабибдин Eagles MMA клубунун мушкери Гаджимурад Кагиров экени айтылган. Ал полиция тарабынан жок кылынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан