Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда Бельгияга иш сапарынын алкагында король Филипп менен жолугушту.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, Кыргызстан менен Бельгиянын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн бир катар келечектүү багыттары белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында президент Жапаров король Филиппти Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.