Махачкала жана Дербенттеги чиркөөлөргө жана синагогаларга согушчандардын кол салууларынан кийин жетекчилик кызматтагылардын кылган кызматы кылдаттык менен текшерилет. Бул тууралуу Дагестандын башчысы Сергей Меликов улуттук ассамблеянын жыйынында билдиргендигин орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалымдалгандай, ал кол салгандардын арасында бир күн мурун кызматтан алынган Сергокалин районунун башчысы Магомед Омаровдун жакындары бар экенин эске салды.
“Райондун башчысы балдарын окута албаса, кантип муниципалитетти жетектеди? Кол салган топтун мүчөлөрүн карап көрсөк, колунда бар, спортто жана башка багытта ийгилик жараткан адамдар болуп жатат. Балким, уктап жаткан башка башчылардын ушундай топтору бар? Текшериш керек”, - деген Меликов.
Айта кетсек, Махачкала жана Дербенттеги окуяда Сергокалин районунун башчысынын балдары, жээни катышкандыгы айтылып, ал суракка алынган. Анда ал көп жылдан бери балдары жана жакындары менен мамиле курбай койгондугун билдирген.
Эске салсак, 23-июнда куралдуу адамдар Дагестандын Дербент шаарындагы чиркөөгө жана синагогага, ошондой эле Махачкаладагы МАИ постуна кол салышкан. Атышуудан 25 адам каза болгондугу айтылган.