Гаагадагы сот Сергей Шойгу менен Валерий Герасимовду камакка алууга ордер берди

Эл аралык кылмыш сотунун судьялары Орусиянын мурдагы коргоо министри Сергей Шойгу менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимовду камакка алууга ордер берди. Мындай маалымат Гаагадагы эл аралык соттун расмий сайтына жарыяланды.

"2024-жылдын 24-июнунда Эл аралык кылмыш соту төрагалык кылуучу судья Розарио Сальваторе Айтал, судья Серхио Херардо Угальде Годинес жана судья Хайкел Бен Махфуддан турган соттук коллегиясы эки адамды, Сергей Кужугетович Шойгуну жана Валерий Васильевич Герасимовду Украинада 2022-жылдын 10-октябрынан 2023-жылдын 9-мартына чейин жасалган деп эсептелген эл аралык кылмыштары үчүн камакка алууга ордер чыгарды", - деп жазылат Эл аралык соттун сайтындагы билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Орусия Эл аралык кылмыш сотунун чечимин тааныбайт.

Эске сала кетсек, 2023-жылы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен балдардын укуктары боюнча комиссары Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан