Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосунда кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду

Брюсселде Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосунда Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземи өттү. Ага президент Садыр Жапаров жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышты.

Бул тууралуу маалыматты өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү документке тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Европа Бирлигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү – Европа Комиссиясынын вице-президенти Жозеп Боррель, Европа Комиссиясынын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис кол коюшту.

Белгилей кетсек, учурда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Бельгияда жүрөт. Анын алкагында өлкө башчысы Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушту. Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен транспорт тармагындагы маселени талкуулады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан