Түндүк Корея учурган шарлардан улам Сеулда учак каттамдары убактылуу токтоду

Сеулдагы Инчхон эл аралык аэропорту Түндүк Кореядан учуп келген таштандылардын келип түшүшүнөн улам ички жана эл аралык каттамдардын убактыларын жылдырууга аргасыз болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, таштанды шарлары учактын кыймылдаткычтарына кирип, кырсыкка алып келиши мүмкүн деген кооптонуулардан улам мындай чечим кабыл алынган. Таштанды шарлары май айынын башынан тарта Түндүк Корея тараптан 6-ирет учуп келген.

Белгилей кетсек, алгачкы ирет Түндүк Корея 150дөн ашык таштанды шарларын чек ара аркылуу Түштүк Кореяга жөнөткөн. Алар бул аракетин Түштүк Корея бир нече жылдан бери Түндүк Кореянын режимине каршы үгүт материалдары менен шарларды жөнөтүп келгенине жооп катары сыпаттаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан