“Сел, мөндүр...” Жогорку Кеңеште табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү сунушталды

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ырысбек Атажанов төрага Нурланбек Шакиевге кайрылып, Баткен облусунда жүргөн селден жабыркагандарга жардам берүүнү сунуштады.

“Нөшөрлөгөн жаандан улам Кадамжайдын бир топ аймактарында сел жүрдү. 5 жаштагы баланын өмүрү менен коштолгон кырсыкта жабыркагандар көп. Төраганын фондунан акча каражатын бөлүп берип койсоңуз жакшы болот эле”, - деген пикирин айтты эл өкүлү.

Ал эми Дастан Жумабеков Талас облусундагы Бакай-Ата районунун дыйкандары боюнча маселе көтөрдү. Анда ал күн мурун туруксуз аба ырайынан улам эгин талааларына мөндүр жаап, учурда 3-4 айылдын эли кыйналып жаткандыгын билдирди.

“Дыйкандар насыя алып, эгин талаасын иштетип келишет. Жааган мөндүр залакасын тийгизип, мээнеттери текке кетти. Өкмөт тарабынан барып, дыйкандарга жолугуп, сүйлөшүш керек. Аларга колдоо керек. Сөз деле маанилүү. Балким, күйүүчү май жагынан жардам берип, кайра талааларды ишке киргизип, түшүм алууга жетишүүгө жардам беребиз. Айыл чарба министрлигине протоколдук тапшырма берсек”, - деди депутат.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачындан улам Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Баткен облусунун бир нече райондорунда сел жүргөн. Анын кесепетинен айрым жашоочулар убактылуу башка жакка көчүрүлүп, ӨКМдин куткаруучулары тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле Таласта мөндүрдөн улам 50 гектарга жакын эгин талаа зыянга учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан