Талас облусунун Бакай-Ата районунда кечээ, 24-июнда кечке маал мөндүр аралаш жамгыр жааган. Табигый кубулуштун кесепетинен Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан, Жон-Коргон, 1-Май айылдарында болжол менен 50 гектар эгин талааларына зыян келтирилген . Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, Боо-Терек айылында катуу шамал болжол менен 15 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен. Абалды жеринде Бакай-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана район акими көрүштү.
Учурда айыл аймак тарабынан келген зыянды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.