Боливиядагы мамлекеттик төңкөрүштө жаракат алгандардын саны айтылды

Боливияда генерал Хуан Хосе Суниганын аскердик төңкөрүш жасоо аракети учурунда 9 киши жаракат алган. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Карлос дель Кастильо чет элдик басылмаларга билдирди.

"Тилекке каршы, биз алгачкы тогуз жарадар тууралуу билебиз. Сунига мырзанын максаты - бул өлкөдө бийлик тизгинин өз колуна алуу жана иш жүзүндө режимди орнотуу болгон. Ал мамлекеттин саясий конституциясын бузду. Жаракат алгандардан улам бул атайын машыгуу болбогондугун билсе болот”, - деген ал.

Министр маалымат жыйынында төңкөрүш аракетине катышкандар өлкөнүн коопсуздугун коргоо үчүн колдонулуучу техника жана курал-жарактарды алып чыкканын айтты. "Мамлекеттик төңкөрүш авантюрасы" ишке ашпай калганына карабай, прокуратура мындай иштерди кылдат иликтөөгө милдеттүү деген пикирин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Боливия армиясынын командачысы генерал Хуан Хосе Сунига кызматтан кетүүдөн баш тартып, мамлекеттик төңкөрүш аракетин жасаган. Ал бир күн мурун кызматынан бошотулган эле.

Маалымдалгандай, ал саясий туткундарды, анын ичинде 2021-жылы төңкөрүш жасады деген айып менен камакка алынган экс-президентти бошотууну талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан