Кытай калктын салмагына көзөмөлдү күчөтүү үчүн үч жылдык атайын кампания жарыялаганын чет элдик басылмалар кабарлашты.
Маалымдалгандай, документ өлкөнүн 16 мамлекеттик кызматы жана уюмдары тарабынан иштелип чыккан. Анда үч жыл аралыгында айрым салмактуу жарандарды арыктатып, мындай көрүнүштөрдү алдын алуу багыты жазылган.
Анын алкагында, өкмөт иш берүүчүлөрдү кызматкерлердин машыгуусу үчүн инфраструктураны түзүүгө чакырды. Курамында туз, кант жана май бар азыктарды азайтып, пайдалуу тамак-аштарды көбөйтүү ашканаларга жана ресторандарга милдеттендирилген. Мектептен кийин да күн сайын бир сааттан кем эмес дене тарбия көнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү сунушталган.
Кошумчалангандай, демилгечилер сунушту адамдардын ден соолугуна кам көрүп, айыккыс дарттарды алдын алууга багытталгандыгын билдиришкен.