Жогорку Кеңештин 26-июндагы жыйынында "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун дыйкандарга жана ишкерлерге насыя берүү маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.
Мындай демилгени парламенттеги "Ишеним" фракциясы көтөрдү.
Комиссиянын курамына депутаттар Айсаракан Абдибаева, Мейкинбек Абдалиев, Ырысбек Атажанов, Мирлан Самыйкожо, Аида Исатбек кызы, Азамат Исираилов, Эмил Токтошев, Замирбек Мамасадыков, Эльвира Сурабалдиева кирди.