Министр эмне үчүн "Евро-2024тө" букмекер жарнама болуп жатканын айтты. Төрага аны сынга алды

Бүгүн, 27-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Европа футбол чемпиондугун көрсөтүп жаткан канал бир эле учурда кумар оюндарын жарнамалап жатканын айтты.

Ал башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаевага кайрылып, мыйзамды көзөмөлдөгөн орган катары бул ишке чара көрүүнү талап кылды.

"Мына президенттин өкүлү кат даярдап жатабыз деди. Кыргызда жакшы сөз бар, "таз тарангыча той таркайт" деген, андан бери канча оюндар өтүп кетти, жарнамалар болуп жатты. Буга кандай чара көрүлүп жатат?" - деди ал.

Конкубаева өлкөдө расмий катталган бир дагы букмекердик компания жок экенин айтты.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев каналдар футболдук берүүнү Орусиядан сатып алып жатканын белгиледи. "Бул жарнак биздики эмес, ошол өлкөнүн аймагында, бизде ставка кыла турган жер да жок. Ойноо үчүн атайын жер керек. Бирок ал жарнама эфирде эле берилип жатат да", - деп жооп берди.

Буга Кадырбеков "аткаминерлердин ой жүгүртүүсү ушундай болсо, анда билбейм" деп нааразы болду.

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев кесиптеши туура суроо бергенин айтып, Амангелдиевди жооп бергени үчүн сынга алды.

“Сиздин жообуңуз - сиздин компетентсиздигиңиз. Бул уят. Мыйзамды аттап өтүп, айландырып жооп бергениңиз. Бул үчүн сизди жоопко тартса болот", - деди Шакиев.

Жогорку Кеңеш 27.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан