Шакиев аймактардагы дарыгерлердин айлыгын 30 пайызга жогорулатууну сунуштады 

Дарыгерлердин айлык акысын көтөрүүдө аймактарга артыкчылык берилиши керек. Мындай пикирди бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Төрага айылдардагы дарыгерлердин маянасын шаарларга караганда кеминде 30 пайызга көбөйтүүнү сунуштады.

“Айылдарыбызда дарыгерлер жетишсиз. Натыйжада элеттеги медициналык мекемелерде 70 жаштан ашкан курактагы аталарыбыз, апаларыбыз иштеп жатат. Аларды эл, иштеген жериндеги эмгек жамааты кармап турат. Алар кетип калса дарыгер калбай калат. Андыктан элетте иштеген дарыгерлердин айлык маянасын кошумча дагы 30 пайызга көтөрүш керек. Мындай жакшы тажрыйба коңшу өлкөлөрдө бар. Биз дагы колдонушубуз зарыл. Ошондо жаш адистерди айылдарга тартууга өбөлгө түзүлөт”, - деди Шакиев.

Жогорку Кеңеш 27.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан