Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын үчүнчү сессиясы расмий түрдө жабык деп жарыяланды.
Жыйында төрага Нурланбек Шакиев сессия мезгилинде жалпы 73 жыйналыш өткөнүн, 200дөн ашык мыйзам долбоору кабыл алынганын айтты.
Андан соң Улуттук гвардиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда мамлекеттик гимн аткарылып, депутаттар жайкы эс алууга тарады.
Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү жумушка 1-сентябрда келишет.