"Евро-2024": Чехия - Түркия беттешинде белгисиз адам күйөрмандарга бычак менен кол салды

Штутгарт шаарындагы "Евро-2024" мелдешинде 25 жаштагы жигит Чехия-Түркия беттеши убагында күйөрмандарга бычак менен кол салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, кол салуунун натыйжасында үч киши жарадар болгон. Алардын бири 19 жаштагы немис жараны жана 38, 60 жаштагы түрк жарандары.

Эске сала кетсек, "Евро-2024" тайпалык баскычынын жыйынтыгында Чехия курамасы бир упайга ээ болуп, "F" квартетинде төртүнчү жана акыркы орунду алган.

Өз кезегинде Түркия курама командасы алты упайга ээ болуп, экинчи орунду ээледи. "Европа-2024" чемпиондугунун 1/8 финалында түрк командасы Австрия менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан