Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу кечээ, 27-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Уланбек Тотуяев жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотулган.
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, Уланбек Тотуяев бул кызматты 2021-жылдын июль айынан бери аркалап келген.