Киевде ок атылган казак оппозиционери: Казакстан шектүүлөрдү Украинага бербей койду

Казак парламентинин спикери Маулен Ашымбаев Киевде казакстандык оппозициячыл журналист Айдос Садыковго кол салууга шектелген жарандарды Украинага өткөрүп бербей турганын билдирди. Бул туурасында казак басылмаларды жазып чыкты.

Маалымдалгандай, оппозиционерге кол салууга шектелгендердин бири Казакстанда 22-июнда кармалган. Ал өз алдынча укук коргоо органдарына кайрылган.

"Өлкөбүздүн мыйзамдарына ылайык, биздин республика жарандарыбыздын укуктарына артыкчылык берип, коргойт. Ошондуктан мындай жагдайларда биздин өлкө мыйзамдарга ылайык, Казакстандын жарандарын өткөрүп бербейт. Бул кырдаалга байланыштуу эмес, жалпы принцип: Казакстан өз жарандарын башка мамлекеттерге өткөрүп бербейт", - деген Ашымбаев.

Ал кошумчалагандай, кол салууга шектелген жарандардын кылымышын эки өлкөнүн укук коргоо кызматтары кызматташуу аркылуу тергейт. Ошондой эле Казакстан оппозициячыл журналист Айдос Садыковго болгон кол салууга кызыкдар деген маалыматтарды четке кагып, бул жөн гана провокация экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, 8-июнда Киевде белгисиз адамдар казакстандык оппозициялык блогер Айдос Садыковго каршы бир нече жолу ок чыгарышкан. Анын абалы оор экени айтылган.

Ал эми 25-июнда Украинанын Башкы прокуратурасы кол салууга шектелген эки адамды экстрадициялоо үчүн Казакстандын компетенттүү органдарына кайрылуу документтерин даярдап жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан