"Евро-2024": Грузиянын президенти команданын тарыхый жеңишине реакция жасады

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили бүтүндөй өлкөнү футбол боюнча Европа чемпиондугундагы Грузиянын Португалияны жеңип алышы менен куттуктады.

"Бул жеңиш – ишенимдин, чечкиндүүлүктүн, эрктүүлүктүн жана жан аябаган аракеттин артынан келди. Баарыңыздарды куттуктайм! Грузияны курамасын куттуктайбыз. Биз жөн эле жеңип жаткан жокпуз, биз Европага кирип жатабыз!" – деп жазды Саломе Зурабишвили социалдык тармактагы баракчасына.

Эске сала кетсек, Грузия тайпалык баскычта Португалия курама командасын 2:0 эсебинде утуп, 1/8 финалга чыккан. Беттеште биринчи голду оюн башталгандан эки мүнөт өткөндөн кийин Хвича Кварацхелия киргизсе, экинчи голду Георгий Микутадзе экинчи бөлүктө эсепти 2:0гө айланткан.

30-июнда Грузия 1/8 финалда Испания менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан